Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:08
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
https://sputnik.kg/20151228/1021231795.html
Спайс сатуу боюнча Кыргызстанда биринчи жолу кылмыш иши козголду
Спайс сатуу боюнча Кыргызстанда биринчи жолу кылмыш иши козголду
Sputnik Кыргызстан
Психотроптуу заттардын 86 түрүн пайдаланууга Кыргызстанда тыюу салынган. Мыйзам бузгандар мүлкүнөн айрылып, 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. 28.12.2015, Sputnik Кыргызстан
Психотроптуу заттардын 86 түрүн пайдаланууга Кыргызстанда тыюу салынган. Мыйзам бузгандар мүлкүнөн айрылып, 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу элде спайс деп аталган психотроптуу заттарды сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мыйзамда мындай аракет үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга чейин эркинен ажыроо жазасы каралган.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында спайстарды интернет аркылуу сатууну уюштурган 28 жаштагы Чүйдүн тургуну кармалган. Бишкектин Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинен колго түшкөн соодагердин үйүн тинтүү учурунда эки полиэтилен баштыкчага салынган 4,5 грамм өсүмдүк табылган. Экспертиза анын спайстын бир түрү болгон "MBA (N) CHM" экенин аныктап чыкты.
Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду. Мыйзамда мындай аракет үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга чейин эркинен ажыроо жазасы каралган.
Кармалган жаран азыркы тапта убактылуу кармоочу жайда камакта отурат. Ал эми иштин чоо-жайын укук коргоо кызматкерлери иликтөөдө.
Декабрь айынын башында колдонууга тыюу салынып, дары-дармектин реестрине киргизилбей турган психотроптуу заттардын катарын 86 жаңы аталыш толуктаган. Мыйзам 20-декабрдан тарта күчүнө кирген.