БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Парламенттин экс-депутаты Карганбек Самаков кошумча салык чегерүү боюнча Салык кызматынын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылганын Бишкектин район аралык соту билдирди.
Буга чейин жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоосу үчүн үчүн кылмыш иши козголгон экс-депутат кошумча салык катары 59 миллион 491 миң сом төлөөсү керектиги айтылган.
Башкы прокуратура Салык кызматынын кайрылуусун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына жөнөттү. Доо арызды кароо 11-январга белгиленген.
Самаковго карата кылмыш иши 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба жерлерин жеке менчикке өткөрүлгөнү боюнча козголуп, тергөө иштери жүрүп келген.
Самаковдон тышкары, аталган иш боюнча уулу Кубанычбек Самаковго, Жаныш жана Курманбек Бакиевдерге кылмыш иши козголгон.