БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеш жаш энелердин педофилдер менен бала өлтүргөн жарандарга жазаны күчөтүү боюнча өтүнүчүнө жооп кайтарганын "Молодые мамочки KG" интернте-коомчулугунан билдиришти.
Буга чейин аталган коомчулук президент Алмазбек Атамбаевге, өкмөт мүчөлөрүнө жана Жогорку Кеңешке кат жолдогон.
Анда энелер негизинен педофилия, балдарды өлтүргөн мыкаачыларды мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, өмүрүнүн акырына түрмөдө кармоону сунушташууда. Мындан тышкары, кайрылууда балдарга карата сексуалдык зордук-зомбулук жасагандарга карата бычууну пайдалануу керектиги айтылат.
Парламенттин укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин жетекчиси Жаныбек Бакчиевдин колу коюлган жооп катта Кылмыш кодексинин жаңы редакциясынын долбоорунда айтылган сунуштардын баары эске алынары айтылган.