БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Унаа каражаты үчүн салык төлөгөн айдоочуларга акысыз чаптамалар бериле турганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Былтыркы жылдын ноябрь айында өкмөттүн токтому менен салык төлөгөнүн ырастоочу атайын чаптаманын үлгүсү бекитилген. Жалпы жонунан 800 миң чаптама даярдалып, анын өздүк баасы 3,57 сомду түзөт.
Бүгүнкү күнгө карата 420 миң даанасы даярдалып, салык органдарына таратылып берилди.
Кагаздын өңү салык органынын чечими менен жыл сайын өзгөрүп турмакчы. Ал унаанын маңдайкы бетине чапталат.
Токтомго ылайык, унаа үчүн салыкты жыл сайын сентябрь айына чейин төлөө шарт. Өткөн жылдын эсеби боюнча салык алына турган унаалардын саны Кыргызстанда 637 миң 289ду түзөт. Ал эми салык катары өлкө казынасына 2015-жылы 689 миллион 308,5 миң сомго жеткен.