00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:08
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мандаттан ажыратылган эки айым — экс-депутаттардын чырын Жогорку сот 21-январда карайт

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСот залы. Архив
Сот залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи Май райондук соттун ЖК депутаттарынын мандаты боюнча чыгарган чечимине макул эместигин айтып, жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдирген.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Эки депутаттын мандат чыры боюнча ишти Жогорку сот 21-январда карай турганын аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Сот иши саат 15.00гө пландалган.

Беш өрдөк: Сариевди ээрден шыпырчу Карашев, Жээнбековго тай карыз болгон Турсунбеков
11-январда БШК "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы партиянын сунушунун негизинде мандатынан ажыраткан. Эл өкүлдөрү аларды мыйзамсыз мандатынан ажыратканын айтып, райондук сотко кайрылышкан болчу. 15-январда Биринчи Май райондук соту депутаттар мандатынан мыйзамсыз ажыратылганын билдирип, БШКнын чечимин жокко чыгарган болчу.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип, Жогорку сотко кайрылган.

Бул жаңы шайланган депутаттардын биринчи сот иши эмес. Буга чейин "Республика – Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Жыргалбек Саматов бир нече жолу мандатынан ажыратылып, соттун чечими менен кайта алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0