БИШКЕК, 22-янв. – Sputnik. Жыл башынан бери Улуттук банк 48 миллион 450 миң доллар сатты. Бул тууралуу аталган финансылык институттун сайтына жарыяланган.
Өткөн жылы Улуттук банк валюта наркын жөнгө салуу үчүн 40 жолу интервенция жасаса, анын 35 учурунда доллар саткан.
Эске салсак, интервенциядан сырткары Улуттук банк кассигнация кылган, башкача айтканда, накталай доллар саткан. Бирок, анын суммасы көрсөтүлгөн эмес.
Улуттук валютанын наркынын төмөндөшү Евразия экономикалык биримдигиндеги мамлекеттерде да байкалууда.
Кечээ, доллардын орус акчасына карата катышы 4,13 рублге өсүп, 83,5913 рубль болгонун РИА Новости Россиянын банкына шилтеме берүү менен жарыялады.
KASEнин (Казакстандын фондулук биржасы) маалыматы боюнча доллардын казак валютасына карата 9,31 теңгеге өсүп 383,91 теңгенү түзгөн.