00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тажикстан "Жамаат Ансорулло" террордук тобунун жетекчиси каза тапканын тастыктады

Жазылуу
"Жамаат Ансорулло" террордук тобунун лидери Амриддин Табаров Афганистандын аймагында жарым жыл мурун каза тапканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 25-янв. – Sputnik. Дүйшөмбү күнү Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода "Жамаат Ансорулло" террордук тобунун жетекчиси Амриддин Табаровдун каза тапканын расмий жарыялады. 

Маркум Амриддин Табаров өз чөйрөсүндө Мулло Амриддин деген ысым менен таанымал болгон. 

"Мулло Амриддин Афганистандын аймагындагы кармашуулардын биринде каза тапкан", — деп ичики иштер министри Дүйшөмбү шаарында өткөн маалымат жыйынында билдирди. 

Буга чейин согушкер Пакистанда каза болгону айтылып келген. Бирок, маалымат расмий түрдө такталган эмес. Табаров Афганистандын Тажикстан менен чектешкен Тахор провинциясына 2013-жылы келгени тууралуу да маалыматтар таркаган. 

Президент Атамбаев аалым Кадыр Маликов менен диний абалды талкуулады
Тажикстандын тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Табаров 1993-жылы тажик-афган чек арасына чабуул жасаган. Мындан сырткары Тажикстандагы 1992-1997-жылдарда болуп өткөн граждандык каршылык учурунда, Табаров Бириккен тажик оппозициясынын башчысы Саид Абдуллонун орун басары болгон. Анда ал бийликке каршы согуштук аракеттерди жасаган. 

Тажиктер аралык тынчтык келишимине 1997-жылы кол коюлган. Бирок, Табаров документтеги талаптарга макул болбой үй-бүлөсү менен кошо өлкөдөн чыгып кеткен. 

ИИМдин билдириши боюнча Табаров этникалык тажиктерден турган "Ансорулло" аттуу террордук топ түзүүгө жетишкен. Ал "Аль-Каида" террордук тобу тарабынан каржыланып турган. 

Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен 2012-жылы "Жамаат Ансорулло" тобунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Мындан сырткары Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсү боюнча террордук кыймыл Дүйшөмбү шаарында бир нече жолу чабуул жасаганга аракет жасашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0