БИШКЕК, 30-янв. – Sputnik. Кытайдагы Гуанчжоу шаарынын мурдагы вице-мэрине 80 миллион юань (12 млн. доллар) пара алгандыгы боюнча айып тагылып жатат. Бул тууралуу "Гуанчжоу жибао" гезити жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты.
Цао Цзяньляо бул кызматына 2007-жылы отурган. Аткаминердин шектүү ишин тиешелүү тараптар 2013-жылдын акырында казып баштаган.Учурда анын иши Шэньчжэнь шаарынын сотунда каралып жатат.
Ири масштабдагы коррупцияга каршы күрөшүү кампаниясы 2012-жылы Кытай өлкө башчылыгына Си Цзиньпиндин келиши менен башталган. Өлкөдө глобалдык деңгээлде антикоррупциялык кызматташуу желесин түзүү аракеттери жүрүп жатат.
Учурда расмий Кытай чет мамлекеттер менен качкын чиновниктерди экстрадициялоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.