БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Москва шаарында каза болгон кыргызстандыктар боюнча КР өкмөтү чукул жыйын өткөргөнүн премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Белгилей кетсек, 2016-жылы 30-январда Москва шаарындагы цехте өрт чыгып, 12 киши каза болгон. Анын ичинде сегизөө кыргызстандыктар болгон.
Асанов өкмөт башчы тийиштүү органдарга керектүү жардамдарды берүүнү тапшырганын кошумчалады.
"Премьер-министр каза болгон жарандардын жакындарына психологиялык жардамдарды берүүнү жана маркуммдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн көмөк көрсөтүүнү тийиштүү органдарга тапшырды. Окуянын чоо-жайын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин өз көзөмөлүнө алуусун баса белгиледи", — деди маалымат катчы.
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев дагы каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле, маркумдардын жакындарына материалдык жардам берүүнү тапшырып, бул маселени президенттин аппаратына жеке көзөмөлгө алуусун буюрду.