БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. The Planet туристтик интернет-порталы "Кыргызстанды сүйүп калуунун он себеби" аттуу макала жарыялады.
Аны жазган Клэр Робинсон саякаттоо жөнүндө сайттардын бирин негиздеген. Ал өз макаласында Кыргызстандын асман тиреген тоолор менен курчалганын, кээ бир аймактарын "адам буту баса электигин" жазат.
"Мен саякат учурунда көп нерсеге кабылдым. Аларды дайыма эстеп жүрөм. "Кыргызстанды сүйүүнүн он себебин" силер менен бөлүшкүм келет", — дейт Робинсон.
Кыргызстан чет элдик саякатчынын эсинде ушундай калган:
"Жомок" каньону. Бул жерден Ысык-Көлдүн түштүк тарабынан чыныгы жаратылыш эстеликтерин кезиктиресиз. Бир караганда ал байыркы сарайларга окшош, деген пикири менен бөлүшөт.
Кыргыз музыкасын угуу керек. Борбор Азиядагы байыркы мунаралардын бири — Бурана. Саякатчылар комузда кол ойноткон кыздарды жана алардын мугалимин жолуктурушкан. Улуттук аспаптын табышмактуу добушу адамды өзүнө арбап турат, дейт Робинсон.
Алтын-Арашан. Бул аймак ысык булактары менен белгилүү. Каракол шаарынан 10 чакырым алыстыкта орун алган. Ат менен сейилдөө үчүн табылгыс аймак.
Гүлдүн аңкыган жыттарын аллергия болгонуна карабай жыттаган саякатчы анын бул дарты өрчүп кетерин билген. Ошого карабастан, таң эрте гүлдөр жайнаган талаадан күндүн чыгышын тоскон.
"Бир жумалык чүчкүрүү — гүлдүн аңкыган жытынан бир мүнөттүк кумар алууга татыктуу беле?", — деп суроо салат ал.
Караколдогу мал базарда жүргөндөргө көз салуу да кызыктуу. Ар жекшемби күнү шаарга башка аймактардан келген соодагерлер, жашоочулар чогулат. Жергиликтүү тургундардын соодалашуусу өзүнчө бир сонун көрүнүш. Бул саякатчыларга абдан кызык, деп жазат блоггер.
Жолубузду уладык, бизди Жети-Өгүз тосуп алды. Бул жер Каракол шаарынан 28 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Мен ага чыкканымда ал ажыдаар капчыгайына окшош экенин байкадым. Абдан кооз!
Соң-Көлдөгү боз үйгө түнөө — бул керемет! Бул көл 3016 метр бийиктикте орун алган. Айланадагы кулак кескендей жымжырттык жана айлана-чөйрөнүн кооздугу көз жоосун алат.
Кыргыздар жылкы баласына абдан маани беришет. Айыл жеринде кишилердин байлыгы мал менен бааланат. Мен жүздөгөн аттардын жайылып, оттоп жүргөнүнө күбө болдум.
Айланага көз салып, жаратылышка суктанганга эмне жетсин. Туристтердин көбү белгиленген жерлер менен гана жүрөшөт. Көз жоосун алган жерлерди кыдырууга неге болбосун.
Тоонун кууш жолундагы үйүр жылкыны кездештирдик. Бул учурду такыр унутпайм. Эки тоонун ортосунан үйүр жылкы менен уйларды күтүүсүз кездештиргенде кандай сезимдер болгонун айтып бере албайм, деп өзүнүн толкунданганын окурмандар менен бөлүшөт Клэр Робинсон.