БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районунда эки кишини мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жарандарды кармады.
2016-жылы 1-февралда Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгына Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринде өрт болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн. Өрттү өчүрүү учурунда эки кишинин сөөгү табылган. Райондук милициянын ыкчам иликтөө тобу маркумдардын күйгөн денесинде кыйноонун белгилерин тапкан. Алардын башы жана моюну кескиленген. Каза болгон жарандар 1960-жылы туулган үй ээси жана анын баласы экени аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иш чаралары Чүй облусунун бир нече районунда жана Бишкек шаарында жүргөн. Учурда аталган кылмыш ишин жасаган деген шек менен үч киши кармалды. Алар криминалдык топтун мүчөлөрү экени айтылууда. Азыр бул кылмышка катыштыгы бар делген төртүнчү жаран изделүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча аталган кылмыш чыр-чатактан улам болгон. Криминалдык топтун мүчөлөрү түндө келип жергиликтүү тургунду сабап баштаган. Бул убакта бөлмөдөн чыккан ата уулуна болушкан. Кылмышкерлер аларга бир нече жолу бычак сайган. Сот-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча үй ээлери кансырап каза болушкан.
Кылмышкерлер таңга жуук келип, үйдү өрттөп салышкан.