00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуевдин сөөгү жерге берилди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевУлуттук гвардиянын жоокерлери Сооронбай Жусуевдин портрети менен
Улуттук гвардиянын жоокерлери Сооронбай Жусуевдин портрети менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өткөн акын менен коштошуу зыйнатына өлкө жетекчилери, чыгармачыл интеллигенция катышты.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бүгүн Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз Эл баатыры 91 жаш курагында каза болгон Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБүгүн Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз Эл баатыры 91 жаш курагында каза болгон Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү
1/3
Бүгүн Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз Эл баатыры 91 жаш курагында каза болгон Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАнда президент Алмазбек Атамбаевдин коштошуу сөзүн өлкө башчынын аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов окуду
2/3
Анда президент Алмазбек Атамбаевдин коштошуу сөзүн өлкө башчынын аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов окуду
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Токтогул сыйлыгынын ээси, Кыргыз Эл баатыры, залкар акын Сооронбай Жусуев "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
3/3
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Токтогул сыйлыгынын ээси, Кыргыз Эл баатыры, залкар акын Сооронбай Жусуев "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
1/3
Бүгүн Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз Эл баатыры 91 жаш курагында каза болгон Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү
2/3
Анда президент Алмазбек Атамбаевдин коштошуу сөзүн өлкө башчынын аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов окуду
3/3
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Токтогул сыйлыгынын ээси, Кыргыз Эл баатыры, залкар акын Сооронбай Жусуев "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Анда президент Алмазбек Атамбаевдин коштошуу сөзүн өлкө башчынын аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов окуду.

"Сооронбай Жусуевдин дээрлик кылымга тете өмүр жолу согуштан берки Кыргызстан тарыхы менен сапарлаш. Жети жашынан атадан ажырап, бир жагынан жокчулукта чоңойгон Сооронбай ага жаңы бой жеткен кезде кан майданга аттанган. Согуштан оор жаракат менен кайтып келсе да, 70 жылдан ашуун мезгил бою кыргыз коомуна, поэзиясына жана адабиятына ак кызмат өтөдү. Жетим чоңоюп, согуш отун кечип, жаракат алып, андан кийин да бир муундун өмүрүнө тете мезгил бою талыбай эмгек кылуу – бул Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө өтө сейрек көрүнүш", — деп айтылат президенттин сөзүндө.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Сооронбай Жусуев доордун залкар акыны гана эмес, кыргыз маданиятында, улуттук адабиятта өзүнчө бир чыгармачыл мектепти түптөгөн улуу устат болгонун баса белгиледи. 

"Тубаса таланты, поэтикалык дарамети күчтүү, поэзия дүйнөсүндө жаңы чыйыр салып, даңгыр жолго айланткан, өзүнчө чыгармачылык мектеп түптөгөн акындар чанда кездешет. Алардын көч башында Сооронбай Жусуев турат", — деди спикер.

Ал эми премьер-министр Темир Сариев акын Сооронбай Жусуевдин кыргыз адабияты, маданиятында өзгөчө орду бар экенин белгилеп, маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана окурмандарына көңүл айтты.

"Сооронбай атабыз бийик адамгерчилиги, тактыгы, калыстыгы, сыпайылыгы, маданияты менен калкына жаккан, чыгармачылыктын байсалдуу жолун баскан, ошол чыгармачылыгы менен кылымдар бою өлбөстүк тапкан адам эле", — деди өкмөт башчы. 

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Токтогул сыйлыгынын ээси, Кыргыз Эл баатыры, залкар акын Сооронбай Жусуев "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0