БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Таластын Манас районундагы Май айылынан 1,4 килограмм марихуана алып жүргөн кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Баңгизат алып жүргөн жарандын айтымында, ал жанындагы марихуананы казак өнөктөшүнө берүү үчүн аны чек ара аймагынан күтүп жаткан. Текшере келгенде анын өздүгүн ырастоочу документтердин жок экени аныкталган.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Мамлекеттик баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүп берилди.