БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик Сузак районундагы "Көк-Арт" кум жана шагыл кенине геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн аукцион жарыялаганын аталган мекеме билдирди.
Негизинен аукционго Жалал-Абадда жайгашкан кендин жети участогу коюлду.
Иш-чара 31-март күнү саат 12.00дө Сузак районунун администрациясында өтөт. Аукционго катышууну каалагандар мекемеге 28-мартка чейин кайрылышы керек.