00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандык көзү азиздер эми Курандын котормосун окуй алышат

Жазылуу
Муфтият көзү азиздер үчүн даярдалган Куран менен хадистерди жакынкы арада Ош облусуна да берүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы борбор калаадагы көзү азиз мусулмандарга Брайль арибине түшүрүлгөн 13 томдук Куранды жана аят, дуба китептерин таратты. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Китептер Бишкек шаарындагы Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун өкүлдөрүнө тапшырылды. 

Брайль арибине түшүрүлгөн Куран менен кошумча китептерди муфтият Татарстандан алдырган.

"Куран орус, ал эми берки эки китеп — аят, дуба китептери араб, кыргыз тилдеринде даярдалган. Китептерди Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өзүнүн каражатына бастырды", — деп билдирди муфтияттын маалымат кызматынын жетекчиси Максат Атабаев. 

Китептерди тапшыруу иш-чарасына катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мындай демилге менен муфтиятка бир жыл мурда кайрылганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Куранды брайль арибине өткөрүүгө муктаждык бар. Мындай демилге менен муфтиятка бир жыл мурда кайрылган элем, ал ишке ашты. Мындай иштер биз үчүн абдан маанилүү жана керектүү. Ооба, аудио китептердин жардамы менен Куранды укса болот, мында көйгөй жок. Ал эми окуганда тез жатталат", — дейт Бекешев.

Муфтият мындай аракет Куран китебинин брайль ариби менен жазылгандыгы көзү азиз жарандарыбыздын руханий баалуулуктарын өстүрүп, жан дүйнөсүн агартууга көмөк көрсөтөт деп эсептейт.

Атабаев мындай китептер эми Ош облусуна жакынкы арада берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0