БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну өз ыктыяры менен бир жашик курал-жарак тапшырганын Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, калаанын тургуну 17-февраль күнү 18:30дар чамасында Төкөлдөш конушунан бир жашик курал таап алган. Аны милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Жашиктин ичинде, ME8DETECTIVE үлгүсүндөгү тапанча, РГД-5 гранатасы, төрт тапанчанын дүкөнчөсү, төрт газ баллон жана эки гранатанын жабдыктары, беш даана маркасы белгисиз тапанчанын октору табылган.
Учурда бул иш боюнча милиция тактоо иштерин жүргүзүүдө.