БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Быйыл кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына арналган 100дөн ашуун иш-чара өтө турганын Тарых жана маданият жылын белгилөө боюнча мамлекеттик дирекция билдирди.
Дирекция башчысы Султан Раевдин айтымында, мекеме кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоо жана өлкөнүн улуттук өнүгүү моделин ишке ашыруу менен алектенмекчи.
"Быйыл кыргыз элинин тарых жана маданиятына арналган 100дөн ашуун иш-чара өткөрүү белгиленген. Алардын эң орчундуусу — улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине байланышкан иш-чаралар болот", — деди Раев.
Мекеме Тарых жана маданият жылынын логотибин бекитип берди. Марттын аягынан баштап www.madaniyat2016.kg аттуу расмий сайт ишке кирет.
Мунун алкагында быйылкы жылы өткөрүлө турган жалпы улуттук мааракелерге арналган почта маркалары жана Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата коллекциялык монеталар чыгарылмакчы.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен быйылкы жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган.