18 жаштагы Белек Алиев ар кайсы жерде сальто жасап жатканда сүрөткө түшүүнү жактырат.
Төрт жылдан бери паркур менен алектенип келген Алиев өлкөнүн кулатуу боюнча үч жолку чемпиону.
"Паркурга "13-район" аттуу тасманы көрүп жатып кызыгып калдым. Ошондон бери 5-6 жолу буту-колумду сындырдым. Бирок азыр үйрөнүп калдым. Ар кайсы жерлерде сальто жасап жатканда сүрөткө түшкөндү жакшы көрөм. Тоодо, жайлоодо, шаркыратманын жанынан, аянтта жүк ташуучу машинадан секирип жаткандагы сүрөттөрүм бар", — деди спортчу.
Алиев UFC — Абсолюттук жоокердик чемпионатка барып, Кыргызстандын атынан катышуу кыялы бар экенин билдирди.