БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Багдаддын чыгыш тарабында жекшемби күнү болгон эки жардыруудан каза тапкандар 70тен ашып, жарадарлардын саны 100гө чукулдады. Бул туурасында "Рейтер" агенттиги өлүктөр менен жабыр тарткандар жеткирилген оорукананын кызматкерлеринин маалыматына таянып кабарлады.
Буга чейин бийлик 28 киши каза таап, 62си жарадар болду деп билдирген. Ирактын борборунун чыгышындагы Мадинат-эс-Садр деп аталган шииттердин кварталында эки ирет жарылуу болгон.
Маалыматтарга караганда, алгач, бомба жарылып, андан кийин топтолуп турган элдин арасында турган жан кечти өзөн-өзү жардырган. Экинчи вариантта, жардырууну эки жан кечти жасагандыгын айтылууда. Бул иштерди "Ислам мамлекети" террордук уюму мойнуна алды.