БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2-март күнү иш сапары менен Россияга бара турганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анын алкагында мамлекет башчысынын Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу каралган.
Сүйлөшүү учурунда кыргыз-орус кызматташуусу боюнча маселелер талкууланат.