БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы олимпиада резервинин балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде айымдардын майрамына карата волейбол жана баскетбол боюнча турнир башталды.
Мелдеште Ош шаарынын тогуз окуу жайында билим алган студенттер менен он уюм кызматкерлери күч сынашууда. Катышуучулардын жалпы саны 125 адамга жетти.
Жеңүүчүлөр диплом, кубок жана баалуу белектер менен сыйланат. Иш-чараны Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө.
Турнирди калаанын мэри Айтмамат Кадырбаев ачып, спорттун өнүгүүсүнүн маанисин белгиледи.