БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ошто кийик атууга шектелип төрт жаран кармалды. Шектүүлөр мамлекетке 55 миң сом зыян келтирген. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош эко-техникалык инспекциясынын кызматкерлери жана мергенчилер коомунун егерлери болуп, рейд жүргүзүү маалында Алай районунун Чоң-Бүлөлү айылындагы Ордош аймагында мыйзамсыз негизде аңчылык кылып жүргөн адамдар байкалган. Бирок, алар изин суутуп кеткен.
Аңчылык кылынган жерден бир кийиктин териси, 1-даана түнөк кап, бир уюлдук телефон, 12-калибрлүү 4 даана ок дарылары табылган.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын уюшулган-кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган факты боюнча 35, 31, 28, 32 жаштагы төрт шектүү жаран кармалды.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.