БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандан Өзбекстанга Samsung Galaxy үлгүсүндөгү 129 смартфон жана 1 миллион сомдук дары-дармекти көзөмөл пунктунан тыш алып өтүүгө аракет кылган КР жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жаранды Ала-Бука чек ара пунктунун чек арачылары кармашкан.
Текшерүү учурунда кыргызстандыктын өздүгүн тактоочу документтердин да жок экени аныкталган.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин аталган жаран укук коргоо орган кызматкерлерине өткөрүп берилди.