БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Азырынча маршруттук таксилердеги жол кирени көтөрүү боюнча пландар жок экенин шаар мэри Албек Ибраимов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Ташуучулар ассоциациясы мэрияга жана шаардык транспорт башкармалыгына жол кирени жогорулатуу сунушу менен кайрылганын бир катар ЖМКлар жазып чыккан. Алар учурда белгиленген тарифтер ташууларды жүргүзүүнү актабай турганын айтышкан.
Ибраимовдун айтымында, мындай сунушка маршруттук таксилер куйган дизелдик майдын кымбатташы себеп болушу мүмкүн.
"Нефтетрейдерлер ассоциациясы дизелдик май 1-2 сомго арзандаганын айтууда. Андыктан азыр тарифти көтөрүүнүн кажети жок", — дейт Ибраимов.
Учурда борбор калаадагы жүргүнчү ташыган маршруткаларда жол кире 10 сом, кечки тогуздан кийин 12 сом.