БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын ишканаларында Германияныкына караганда жетекчи айымдар көптүк кылат. Grant Thornton International компаниясынын изилдөөсү боюнча аталган өлкөдө 100 жетекчинин 15 пайызы — айымдар.
КРнын Улуттук статистикалык комитети Кыргызстанда 100 жетекчинин 33ү айымдар экенин аныктап чыккан. Ал эми дүйнө жүзүндө бул көрсөткүч 22 пайыздын чегинде.
Эң начар көрсөткүч Японияда (7 пайыз) аныкталган. Германия (15 пайыз) менен Индия (16 пайыз) андан кийинки орунда турат.
Изилдөөчүлөр айымдардын санынан тышкары алар жетекчилик кылган тармактарды да иликтеп чыгышкан. Жетекчи айымдардын 27 пайызы кадр бөлүмүн башкарса, 21 пайызы финансы директорлугун аркалайт, ал эми 11 пайызы маркетинг бөлүмүн жетектейт. Аткаруучу же операциялык директор кызматын аркалаган айымдар дээрлик кездешпейт.