БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бүгүнтөн баштап Чүй облусунун ИИБ башчысы Капар Батырканов райондордо жергиликтүү тургундарды кабыл алууну баштай турганын аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, мында жашоочулар ОИИБ жетекчиси менен түз жолугуп, тийиштүү укуктук консультация алуусуна, кызыккан суроосун берүүгө шарт түзүлөт.
Коомдук кабыл алуу башкармалыктын калк менен иштешүүсүн жакшыртуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү, адам укугун коргоо максатын көздөйт.
Иш-чара 25-мартка чейин созулуп, Чүй облусунун бардык райондорун камтыйт.