БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Тергөө иштерин улантуу максатында окуя болгон жерге 26-февралда алып келинип, качып кеткен айыпталуучу Азатбек Алымкулов кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматы билдирди.
![Совершивший побег из конвоя Аламудунского РОВД Азатбек Алымкулов Совершивший побег из конвоя Аламудунского РОВД Азатбек Алымкулов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102312/26/1023122622_0:0:760:922_600x0_80_0_0_fbc1900e303378cbafe76ade8b827567.jpg)
Маалыматка ылайык, ал "Туңгуч" кичи районунан кармалган. Башкаларга билинбөө үчүн ал боюнда бар аялдай болуп кийинип, бетине упа жаап алган.
"Изделип жаткан жаран түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде кармалды", — деп Чүй ОИИББден билдиришти.
Эске салсак, аны кармоо үчүн ошол күнү эле "Сирена" планы киргизилген.
Чүй ИИББдин маалыматына ылайык, 1989-жылы туулган Азатбек Алымкулов Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Бишкек шаарында "Түштүк-2" кичи районунда №2 үйдүн 42-батиринде жашап келген.
Ал КРдин Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча соттолууда.