БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Мындан төрт күн мурун Жибек Жолу проспектисинен чуркап өтүп бараткан жолоочуну коюп, окуя болгон жерден из суутуп кеткен айдоочу кармалып, кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИБ билдирди.
Кырсыкка кабылган "Санат" телеканалынын оператор оор абалда №4 ооруканага жеткирилип, ошол жерден каза болгон.
Маалыматка ылайык, кырсыкка себепкер болуп качып бараткан айдоочунун артынан окуяга күбө болгон башка айдоочу кууп жеткен. Бирок ал унаасын таштап качып кетүүгө жетишкен.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү айдоочу кармалып, үй камагына алынды.