БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Мурунку мэр Кубанычбек Кулматов шаардык кеңеш тарабынан "Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен сыйланганын муниципалитет билдирди.
Маалыматка ылайык, сыйлыкты 22-март күнү шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев тапшырды.
Өз кезегинде Кулматов Бишкек мэриясынын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирип, орден баарына тиешелүү экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Кулматов мэрликтен өз ыктыяры менен 9-февраль күнү кетип, 14-марттан тарта Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келет.