БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Быйыл ажылыкка бара турган зыяратчылардын кийими 20 доллардан тигилет. Аны тигүү үчүн конкурстук негизде жеке ишкер Наргиза Тилекова тандалып алынганын КР мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
![Форма одежды для паломников Форма одежды для паломников - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102353/37/1023533736_0:0:4016:6016_600x0_80_0_0_30d10afcb543fb59e6a23ad5e0d33dbd.jpg)
Бүгүн зыяратчылардын кийимин тиге турган жактар конкурстук негизде атайын комиссия тарабынан тандалып алынды. Конкурстук комиссиянын курамында Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын мүчөлөрү — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийдин орун басарлары, КМДБнын, УКМК, ИИМ жана КР Чек ара кызматынан атайын өкүлдөрү болгон.
![Форма одежды для паломников Форма одежды для паломников - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102353/37/1023533730_0:0:2624:3936_600x0_80_0_0_340ff0cdfe7a45a292c361ef8a627afe.jpg)
Маалыматка ылайык, конкурска негизинен төрт жеке ишкер катышкан.
![Быйыл ажылыкка бара турган зыяратчылардын кийими 20 доллардан тигилет. Быйыл ажылыкка бара турган зыяратчылардын кийими 20 доллардан тигилет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102353/37/1023533763_0:0:6016:3780_600x0_80_0_0_a67cb16efae203855e20b51812f00425.jpg)
Конкурстун жеңүүчүсү Тилекова кийимдер пахтадан жасалган кездемеден тигилерин жана ажылар үчүн Кыргызстандын желеги түшүрүлгөн кемселди сунуштаган. Ошондой эле ажылардын керектүү буюм-тайымдарын салып алууга акысыз сумкалар берилерин айткан.