БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдын июнь айында Өзбекстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине барбай коюшу мүмкүн экенин журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчы саммитке кыргыз-өзбек чек арасындагы абал жөнгө салынбаса барбай турганын айтты.
"Эгер кырдаал ушул боюнча турса Ташкенттеги саммитке кантип бармак элем? Сый-урматтан кетип калбаймбы. Талаш маселелер күч колдонуусуз чечилиши керек. Кыргызстан тизелеп, унчукпастан моюн сунуп баарына макул берген убак өттү", — деди президент.
Эскерте кетсек, 18-март күнү өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" такталбаган аймагын алдын-ала билдирбестен жана макулдашпастан жаап, аскер техникаларын жайгаштырган. Мындан тышкары, "Маданият-автодорожный" өткөрүү пунктун жаап салган. Ал эми аталган жолдон өткөн кыргызстандыктардан чет элдик паспорт талап кылынганы айтылган.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аскерлердин саны кыскартылып, эки өлкөдөн сегизден жоокер кайтарып калган.
22-март күнү Кыргызстандын демилгеси менен ЖККУ кеңешке чогулуп, чек арадагы абал менен деринен таанышуу үчүн башкы катчынын орун басары Ара Бадалян Бишкекке жөнөтүлгөн.
Кечээ, 23-март күнү Өзбекстандан жооп иретинде нота келип, анда Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учуруна коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөрү белгиленген.
Кыргыз тарап такталбаган "Чаласарт" чек ара аймагына өзбек тарап тосмолорду коюуга, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын киргизүүгө укугу жок экенин дагы бир ирет кайталап, Өзбекстан менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Тийиштүү нота ошол эле күнү жиберилген.