БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызмат жетекчилеринин жолугушуусунда аткезчилер кымбат баалуу буюмдар менен адамдарды ташууга пайдаланып келген туннель тууралуу талкуу болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.
Өзбекстандын мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин маалымат кызматы кыргыз-өзбек чек арасында аткезчилик операцияларынын мындай ыкмасы биринчи жолу аныкталганын белгилөөдө.
"Туннелдин тереңдиги 6 метрге жетип, туурасы 60-70 сантиметрди түзөт. Бийиктиги 1-1,2 метр, ал эми узундугу 120 метрге чукул. Ал өзбек жаранынын үйү менен кыргызстандык аялдын үйүн байланыштырып келген", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда аталган курулушту курал-жарак, ок-дары, жардыруучу зат, Конституцияга каршы адабият, баңгизат жана согушкерлерди ташууга пайдаланылышы мүмкүн делген версия иштелип чыгууда.
"Тараптар кызматташуунун бардык маселелери боюнча биргеликте иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуу өз ара түшүнүшүү маанайда өттү", — дейт комитеттин маалымат кызматы.
Жума күнү Өзбекстан эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын аймагында жолугушуусун демилгелеген. Сүйлөшүү Кыргызстандын аймагындагы "Кызыл-Кыя" көзөмөл өткөрүү жайында өттү.
Жолугушуунун натыйжасында, өзбек тарап Ала-Бука районундагы чек аранын такталбаган аймагына жайгаштырган аскер техникасы менен жоокерлерин алып чыгып кетти.