00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
6 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Милиция 10 күн мурун ырайымсыз өлтүрүлгөн аялдын денесин тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери атайы операция учурунда. Архив
Милиция кызматкерлери атайы операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялды өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Алардын бири маркумдун таанышы болуп чыкты.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Милиция 10 күн мурун өлтүрүлгөн аялдын денесин тапты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

17-март күнү Сокулук районуна караштуу Романовка айылында жайгашкан көлмөнүн жээгинде Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаанын ичинен аялдын жансыз денеси табылган. 

Аял унаада үч күн жаткан, анын муунтулуп өлтүрүлгөнүн милиция тастыктады. Унааны жергиликтүү тургундар көрүп калган. 

Иликтөө учурунда маркумдун бардык тааныштары айрыкча аны акыркы жолу көргөндөр суракка алынган. 

Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Атадагы үч аялдын өлтүрүлүшү боюнча ишти министр Турганбаев өз көзөмөлүнө алды
Милиция шектүүлөрдүн өздүктөрүн тактады. Алар буга чейин бир нече жолу соттолгон Сокулук районунун эки тургуну болуп чыкты. Алардын бири маркум менен тааныштыгы бар экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси "Адамды ырайымсыз өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголду. 

Кармалгандар соттун чечимине ылайык эки айга камакка алынды.

Тергөөчүлөр шектүүлөрдү адам өлтүрүүгө жана зордуктоого айыптап жатат.

ИИМдин алдын ала маалыматы боюнча, 14-март күнү жаш курактагы аял таанышы жана анын достору менен жолугушкан. 

Мас абалындагы эркектер эл жок жерден аялды зордукташкан. Кийин, маалымат элге тарап кетпесин деп, аялды муунтуп өлтүрүшкөнүн тергөө амалдары аныктагандыгы тууралуу ИИМдин маалыматында белгиленген. 

"Кылмыштын изин жашыруу үчүн унааны көлмөнүн жээгине айдап барып токтотушкан. Бирок, аял дагы деле тирүү экенин көргөн кылмышкерлер аны дагы муунтушкан", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда Сокулук райондук ички иштер органынын тергөө бөлүмү иликтөө иштерин улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0