00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
On air
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна ири айып пул салуу натыйжалуубу?
09:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
«Образование послезавтра» - как не потеряться на рынке труда будущего
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эмнеге автобекеттер шаардан сыртка чыгарылды? – Жаңы автобекеттерде калкка кандай шартар каралган?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Сүйменкул Чокморовдун чыгармачылыгы
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санарип акчалар банктык системаны алсыратабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
100 лет прокуратуре Кыргызстана: ключевые этапы развития и вызовы
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Ажылык - бул макам эмес! Ажылыка барган адам өзүн кандай алып жүрүшү керек?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
Политические вызовы Молдовы и Грузии: беседа с ветераном спец. служб
20:06
45 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сариев: туристтер үчүн коопсуздук менен маданияттуулук камсыздалышы керек

Жазылуу
Бүгүнкү күндө 1,2 миллиард адам дүйнөнү тынымсыз кыдырып турат. Алардан түшкөн каражаттын жалпы суммасы 1,5 триллион АКШ долларын түзөт.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн биринчи кезекте коопсуздук менен маданияттуулукту камсыздоо керектигин премьер-министр Темир Сариев өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү боюнча программанын бет ачарында билдирди.

Туристтер Азиядагы 9 мамлекет үчүн "Жибек Жолу" визасын алгысы келет
Анын айтымында, Ысык-Көл, Сары-Челек жана Соң-Көл сыяктуу аймактардагы шартты жакшыртуу башкы маселе. Андан кийинки орунда тоо туризми, кышкы туризм, медициналык туризм, тарыхый маанидеги ыйык жерлер жана улуу чокулар турат.

Элдин социалдык абалын оңдоодо туризмдин орду чоң экенин айткан Сариев Кыргызстан 66 мамлекеттин жарандарына визасыз өтүү режимин киргизгенин кошумчалады. 

"Эл аралык туризм өлкөдөгү жалпы кирешеге салым кошууда орду зор. Андыктан Кыргызстан сырттан келген жарандар келип, эс ала турган, билим ала турган жана ден соолугун чыңдай турган ажайып жерге айланышы биз үчүн абдан маанилүү. Ал үчүн эң жогорку тейлөө сапаты болуш керек", — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Кыргызстанда туристтердин келиши жыл сайын 7 пайызга көбөйүп жатканын белгилеп, муну эки-үч эсе арттырууга болорун кошумчалады. 

"Бирок биринчи кезекте алардын коопсуздугун толук камсыздашыбыз зарыл. Антпесе, бир да турист келбейт. Экинчиден, бизде эң жогорку маданияттуулук болушу шарт. Муну менен катар өлкөнүн атагын чыгара турган бренд болушу кажет, бул багытта иштерди жүргүзүп, өлкөнү даңазалоо багытында аракеттерди күчөтүү керек", — деди Сариев.

Бүгүнкү күндө 1,2 миллиард адам дүйнөнү тынымсыз кыдырып турат. Алардан түшкөн каражаттын жалпы суммасы 1,5 триллион АКШ долларын түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0