БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаанын вице-мэри Айгүл Рыскулова жамбашын ит тиштеп алып, балдардын №3 шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүндө жаткан 7 жаштагы окуучуну барып көрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
30-мартта Бишкекте Элебесов менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде машыгуудан үйүнө кайтып келе жаткан 7 жаштагы баланы ротвейлер породасындагы ит тиштеп алган.
Рыскулова ит каап алган биринчи класстын окуучусуна жолугуп, тезирээк сакайып кетишин каалады. Ошондой эле оюнчук жана жер жемиштерди тапшырды.
Оорукананын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков учурда баланын абалы канааттандырарлык жана ооруканадан чыгууга даярданып жатканын айтып, бул жакка көбүнчө кокусунан жыгылып жана жол кырсыгынан жараат алган балдар жаткандыгын белгиледи.
Свердлов районунун РИИБи аталган факт боюнча иликтөө жүргүзүүдө.