БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде үшүк жүрөрүн, мындай үшүк бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келерин Кыргызгидромет эскертет.
Ошондой эле, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, өзгөчө Бишкек — Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Каракол — Эңилчек (45-90 чакырымдары) жана Ала-Бука — Каныш-Кыя (70-90 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.