БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Иран кыргызстандыктарга кинематография жана көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстарды өткөрүүгө дилгир. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова менен Ирандын маданият уюмунун төрагасынын эл аралык иштер боюнча орун басары Аббас Хаме Яр жолугушуусунда белгилүү болду.
Тараптар эки өлкөнүн маданият жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун натыйжасында Иран кыргызстандыктарга кинематография жана көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстарды өткөрүүгө дилгир экенин белгилеп, кыргыз тарапты Тегеранда өтүүчү китептердин жармаңке-көргөзмөсүнө чакырды.
Өз кезегинде Темирбекова ирандыктарды күз айында өтө турган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.