БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. "Aзия MIX" командасы КВНдин Жогорку лигасынын чейрек финалында 15-апрелде оюн көрсөтөт. Бул тууралуу КВНдин расмий сайтында маалымдалды.
11-мартта 1/8 оюндары өтүп, кыргызстандыктар россиялык төрт команда менен ойноп, алдыга озуп чыгып, 200 миң рубль акчалай сыйлыкка да татыган.
8-апрелде биринчи топтун командалары үчүн чейрек финал өткөн. Жарым финалга регламент боюнча эки команда өттү — "Доброжелательный Роман" (Санкт-Петербург) жана "Радио Свобода" (Ярославль). "Доброжелательный Роман" командасы биринчи орундан дароо жарым финалга өткөнү үчүн 400 миң рублга ээ болду.
Бул сезондо 20 команда күч сынашууда. Былтыр октябрь айында "Азия MIX" КВНдин жогорку лигасынын финалына чыга албай калган.
Ал эми 2015-жылы "Голосящий КиВиН" музыкалык фестивалында байгеге татыган.