БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Индиянын Керал штатында адам өлүмү менен коштолгон храмдагы өрт кырсыгына байланыштуу өлкө башчысы Пранаб Кумар Мукерджи жана премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, жекшембиге караган түнү саат 03.30да майрамдык ырым-жырым убагындагы фейерверктерден улам Коллам шаарындагы храмда өрт чыгып, имарат толугу менен жок болгон. Кырсык кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 110 киши каза болуп, 350дөн ашуун адам жараат алган.
Өлкө башчы каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга тез аранын ичинде сакайып кетишин каалады.