БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында эртең түштөн кийин жаан жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте абанын температурасы күндүз 14 градуска чейин жылуу болот.
Ал эми түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Автожолдордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.