БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Өкмөттүн курамы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, учурда премьер-министрди шайлоо — башкы маселе.
"Өкмөттүн курамы ошол боюнча калат. Азыр жазгы талаа жумуштары жүрүп жатат. Премьер-министрди шайлап алгандан кийин өкмөттүн курамын белгилүү бир убакыттын ичинде карайбыз. Президент да өкмөт башчыны тез арада шайлоо боюнча тапшырма берди", — деди Турсунбеков.
Эскерте кетсек, экс-премьер-министр Темир Сариев кечээ, 11-апрель күнү кызматтан кетерин билдирип, президент анын отставкасын кабыл алган. Мамлекет башчынын дагы бир Жарлыгы менен кечээтен баштап өкмөт толугу менен отставкага кетип, жаңы курам түзүлгүчө премьер-министрлик, вице-премьерлик жана министрлик кызматты ээлеп тургандар милдет аткаруучу катары ишин улантат.