БИШКЕК, 13-апр.—Sputnik. Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мунду Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде Нью-Йоркто болгон жолугушууда Молдоисаева Пан Ги Мунга ишеним грамотасын тапшырды. Анда Кыргызстандын өкүлү Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги менен болуп жаткан өлкөдөгү соттук реформалар жана шайлоо системасынын жакшырышы тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде Пан Ги Мун жаңы өкүлдүн дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
"Кыргызстан табияты кооз өлкө. Мындан сырткары, аймактагы демократияга бет алган алгачкы жана жалгыз парламенттик республика", — деди Па Ги Мун.
Жолугушуунун жыйынтыгында Молдоисаева Пан Ги Мунду Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылуу аземине чакырды.
Эске сала кетсек, Молдоисаева 24-февралда Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалган.