00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

УКМК террордук кооптуулуктун деңгээлин үч түс менен аныктайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАнтитеррористик операция. Архив
Антитеррористик операция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шарттуу белги катары кызыл, көк жана сары түстөр тандалып алынган. Кооптуулук четтетилгенден кийин деңгээлдер алып салынат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Өлкөдө террордук кооптуулук жаралганда адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чараларды кабыл алуу жана анын деңгээлин аныктаган шарттуу белгилер иштелип чыкты. Бул туурасында УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, эми өлкөдөгү кооптуулуктун канчалык экендиги көк, сары жана кызыл түстөр менен аныктала турган болду. 

Мындай чечим мекемелер аралык комиссиянын отурумунда кабыл алынды.

Чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арачылар дин менен экстремизмдин айырмасын үйрөнүштү
Теракт жасалса же аны жасоого түздөн-түз аракеттер болсо кооптуу ("кызыл") деп белгиленип, бул деңгээл мындай окуяны болтурбай коюуга жана чара көрүүгө коюлат. Ага кошумча терс кесепеттерин чектөөгө жана азайтууга аракеттер жасалат.

Жогорулатылган ("көк") деңгээл террористик актыларды жасалгандыгы жөнүндө реалдуу маалыматты бышыктоого талаптар бар болсо коюлат. 

Жогорку ("сары") деңгээл террористик актылар жасалгандыгы жөнүндө реалдуу маалымат бышыкталган болсо коюлат.

Мекеме мындай аракет террористик кооптуулуктун кандай гана деңгээли болбосун, мамлекеттик жана башка органдар тарабынан зарыл болгон кошумча чаралардын түрлөрүн кабыл алуусун жөнгө саларын белгилейт. Анын негизинде коргонуу эрежелери иштелип чыгат. 

Кооптуулук четтетилгенден кийин деңгээлдер алып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0