БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Саясат, кылмыш, кырсык, тилсиз жоо тууралуу маалыматтар дүйнөлүк жебени каптап кеткенин айткан окурмандар журналисттердин негативдүү кабарларына нааразы экенин байма-бай билдирип келишет. Бирок, дүйнө жакшы жаңылыктардан кур эмес. Ушул тапта өткөрүлүп жаткан шахмат боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын алты жашар эки балакайы күмүш медаль тагынышты.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги 2015-2016-жылдар аралыгында Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан 14 жашка чейинки жеткинчектердин тизмесин түздү.
![Шахматистка из Кыргызстана Айжан Съездбекова Шахматистка из Кыргызстана Айжан Съездбекова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102432/43/1024324344_0:0:960:576_600x0_80_0_0_7571c78c0daf2c88332d2c17a0630348.jpg)
1. Айжан Съездбекова, 6 жашта. Үстүбүздөгү жылдын 6-14-апрелинде жеткинчектер арасында Монголияда өтүп жаткан шахмат боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утуп алды. Ал тогуз турдун алтоосун жеңип алган.
![Юный шахматист из КР Султай Чынгыз Юный шахматист из КР Султай Чынгыз - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102432/58/1024325898_0:0:800:706_600x0_80_0_0_a45b2d1efa94f263981a38e6ab223807.jpg)
2. Султай Чыңгыз, 6 жашта. Ошол эле Монголияда өтүп жаткан шахмат боюнча Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси болду. Ал жети турдун алтоосун жеңип алган.
![Турнир по фигурному катанию Sofia Trophy в Болгарии Турнир по фигурному катанию Sofia Trophy в Болгарии - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102255/29/1022552961_0:0:4000:3000_600x0_80_0_0_d8b6a629c97f466f846f6078f963436b.jpg)
3. Медина Кутманова, 9 жашта. Болгарияда өткөн "Sofia Trophy" көркөм муз тебүү эл аралык турниринде коло медалды жеңип алган. Спорттук таймаш 2016-жылдын февраль айында 27 мамлекеттен келген спортчулардын катышуусунда өткөн.
![Гимнастка из Кыргызстана Сауле Ашимова на региональном турнире в Канаде Гимнастка из Кыргызстана Сауле Ашимова на региональном турнире в Канаде - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102206/79/1022067949_0:0:3200:2128_600x0_80_0_0_f4ee259e6eb6c23fe7ac557975ba60a1.jpg)
4. Сауле Ашимова, 12жашта. Спортчу кыз Канадада өткөн "Queen of Hearts Invitational —2016" регионалдык турниринде алтын медалды эңип кеткен. Аталган спорттук таймаш жыл сайын өткөрүлүп турат. Сауле ата-энеси менен Канадада убактылуу жашап жаткандыктан сынакка катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
5. Бегимай Рахманова, 13 жашта. Быйыл январь айында Алматы шаарында көркөм муз тебүү боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү. Анда катышкан 13 жашар Бегимай биринчи орунду ээлеп, алтын медалга алып келди.
![Кыргызстанская школьница Бегимай Рахманова завоевавшая золотую медаль по фигурному катанию на турнире в Казахстане Кыргызстанская школьница Бегимай Рахманова завоевавшая золотую медаль по фигурному катанию на турнире в Казахстане - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102189/45/1021894500_0:0:960:720_600x0_80_0_0_e1aa10aef842652d8025b9f3467d6f4e.jpg)
6. Мадина Зулумбек кызы, 13 жашта. Ушул эле турнирде Бегимайдын артынан экинчи орунду кыргызстандык Мадина жеңип алды.
7. 11 жаштагы футболчулардын жеңиши. 2015-жылы Казакстанда жеткинчектер арасында өткөн эл аралык футболдук турнирде Кыргызстандын курама тобу биринчи орунду ээлеген. Кыргызстандык команда Казакстан жана Өзбекстандын футболчулары менен ат салышкан.
![Юный футболист КР: победа в Казахстане далась не легко Юный футболист КР: победа в Казахстане далась не легко - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101603/33/1016033396_0:0:1200:720_600x0_80_0_0_1c7ebc50f0e40440a3e10a95cac04727.jpg)
8. Автондил Дүйшеев, 11 жашта. Былтыр 11 жаштагы кыргызстандык жаш футболчу Европа эл аралык турнирлеринин эң мыкты оюнчусу болуп таанылган. Ал 2014-жылы Түркиядагы белгилүү "Бешикташ" клубунун сынагынан өтүп, алар менен келишим түзгөн.
![Юного чемпиона по шахматам Руслана Съездбекова мэр поздравил с победой Юного чемпиона по шахматам Руслана Съездбекова мэр поздравил с победой - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102029/19/1020291950_0:0:1024:683_600x0_80_0_0_8bb2799b59e9f7c8e7b579bde6b69716.jpg)
9. Руслан Съездбеков, 12 жашта. Былтыр шахмат боюнча Азия чемпиондугунда коло медалга ээ болгон Руслан Съездбеков азыр 13 жашта. Ал өткөн жылдын октябрь айында Бишкекте шахмат боюнча Азия чемпиондугуна катышып, сегиз өлкөдөн келген каршыларштары менен таймашкан.
![Юношеский турнир по теннису в США Junior Orange Bowl Юношеский турнир по теннису в США Junior Orange Bowl - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102100/65/1021006548_0:0:1018:1357_600x0_80_0_0_8e814dd11899c39d85ac5f720fa61723.jpg)
10. Эмма Нургазиева, 14 жашта. Былтыр "Junior Orange Bowl International Tennis Championship" эл аралык турниринде кыргызстандык Эмма Нургазиева Улуу Британия менен АКШ теннисчилерин артта калтырып, дүйнө жүзү боюнча 14 жашка чейинки эң мыкты 32 спортчунун катарын толуктаган.