БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кечээ өкмөт башчылыкка жаңы дайындалган Сооронбай Жээнбеков 28-премьер-министр катары милдетин аткарууга киришти. Ага чейинки Темир Сариев Балыкчы — Корумду жолунун тендери боюнча чыккан жаңжалдын айынан ушул жуманын башында отставкага кеткен.
Эгемендүү Кыргызстан оголе көп премьер-министрди көрдү. Демек алардын кызматтан кийинки тагдыры да ар кыл экени шексиз.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан премьерлерди ээрден шыпырып түшкөн чыр-чатактарды тизмектеген. Бүгүн мурунку өкмөт башчылар кызматтан кеткенден кийин эмне менен алектенерине кызыгып көрдү. Өтө тереңдеп кетпөө үчүн редакция жоогазын ыңкылабынан кийинки премьерлердин таржымалын тактап чыкты.
![Феликс Шаршенбаевич Кулов — государственный и политический деятель, председатель партии «Ар-Намыс». Феликс Шаршенбаевич Кулов — государственный и политический деятель, председатель партии «Ар-Намыс». - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101578/82/1015788249_0:0:1600:1013_600x0_80_0_0_fee2bf082125995b5ce4188f95d6a7f0.jpg)
Феликс Кулов (2005-жылдын 15-августу — 2007-жылдын 29-январы)
Азим Исабеков (2007-жылдын 29-январы — 2007-жылдын 29-марты)
Эки айлык премьерликтен кийин "Бишкек" эркин экономикалык аймакты башкарган. Учурда агрардык бизнес менен алек.
Алмазбек Атамбаев (2007-жылдын 29-марты — 2007-жылдын 28-ноябры)
Отставкадан кийин оппозицияны жетектеп, 2009-жылы президенттик шайлоодон утулуп калган. 2010-жылы Убактылуу өкмөт төрагасынын биринчи орун басарлыгын аркалап, 2010-жылдын башында президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен.
![Чудинов Игорь Витальевич Чудинов Игорь Витальевич - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101746/86/1017468679_0:0:3364:2684_600x0_80_0_0_c6ea12f0fb02bf90f0e53c2507a874b9.jpg)
Игорь Чудинов (2007-жылдын 24-декабры — 2009-жылдын 21-декабры)
2009-жылдын аягында КРдин Өнүктүрүү фондусун жетектеп келген. 2011-жылдын августунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен камакка алынып, андан соң үй камагына чыгарылган. 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
![Новый премьер-министр Кыргызстана Данияр Усенов Новый премьер-министр Кыргызстана Данияр Усенов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102427/93/1024279308_0:0:1536:2047_600x0_80_0_0_7338cac23abcc6690b84fab37d4a6de8.jpg)
Данияр Үсөнов (2009-жылдын 21-декабрында — 2010-жылдын 7-апрелинде)
Апрель окуясынын маалында отставкага берип, андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Үсөновго карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 2013-жылы сыртынан 15 жылга эркинен ажыратылып, Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренесинин 2-бөлүгү ("Жер мыйзамын бузуу") боюнча күнөөлүү деп табылган. 2014-жылы 2010-жылдын 7-апрелинде "Ала-Тоо" аянтында 77 кишинин атып өлтүрүлүшүнө айыптуу катары сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Маалымат каражаттарынын айтымында, учурда чет өлкөдө ишкерлик менен алектенип келет.
![Роза Исаковна Отунбаева Роза Исаковна Отунбаева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101706/87/1017068781_0:0:4000:2670_600x0_80_0_0_31d18db35db2ff5ebcef7bda8ca94923.jpg)
Роза Отунбаева (2010-жылдын 7-апрели — 2010-жылдын 17-декабры)
Убактылуу, андан кийин техникалык өкмөттү жетектеген. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы шайланып, көпчүлүк коалиция түзүлгөндөн кийин өкмөт башчылыктан кеткен, бирок 2011-жылдын аягына чейин өткөөл мезгилдин президенти болду. Учурда "Роза Отунбаеванын демилгелери" аттуу эл аралык коомдук фондду жетектеп келет.
Алмазбек Атамбаев (2010-жылдын 17-декабры — 2011-жылдын 1-декабры)
Учурда Кыргызстандын президенти
![Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101977/63/1019776359_0:0:4500:2998_600x0_80_0_0_3241fc890389a60b74741f71f4a79bcc.jpg)
Өмүрбек Бабанов (2011-жылдын 1-декабры — 2012-жылдын 1-сентябры)
Коалиция бузулгандан кийин коомчулукка көп чыкпай, 2015-жылдын аягында гана эл Камчыбек Ташиев менен биригип, парламентке келди. "Республика — Ата-Журт" оппозициялык фракциясынын лидери.
![Парламент Кыргызстана денонсировал соглашение о ЦТП Манас Парламент Кыргызстана денонсировал соглашение о ЦТП Манас - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102419/68/1024196827_0:0:2963:2048_600x0_80_0_0_5eefbe5d7023ea89bac17c0b7d17aa00.jpg)
Жантөрө Сатыбалдиев (2012-жылдын 5-сентябры — 2014-жылдын 25-марты)
Отставкадан кийин саясатта калып, парламенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экенин билдирген. 2015-жылы Евразия сактоо банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.
![Премьер-министр Дж.Оторбаев дал ряд поручений по проведению весенне-полевых работ Премьер-министр Дж.Оторбаев дал ряд поручений по проведению весенне-полевых работ - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101503/44/1015034467_0:0:1600:795_600x0_80_0_0_8493b6b682235f765a6a0cbfe802f7cb.jpg)
Жоомарт Оторбаев (2014-жылдын 25-марты — 2015-жылдын 1-майы)
2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышып, бирок жаш саясатчылардын пайдасы үчүн депутаттык мандаттан баш тарткан.
Темир Сариев (2015-жылдын 2-майы — 2016-жылдын 11-апрели)
Балыкчы — Корумду унаа жолунун тендери боюнча чыккан жаңжалдын айынан отставкага кетти. Учурда Кыргызстанда эс алып жатат.