БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Азербайжандын Коргоо министрлиги ишембиде Тоолуу Карабах менен чектешкен аймакта атышууну убактылуу токтотуу келишимин Армения тарап 118 ирет бузганын кабарлады.
"Буга чейинки сүйлөшүүлөргө карабай, Карабах менен чектешкен жерде армяндар тарабынан бир суткада келишим 118 ирет бузулду",— деп билдирди аталган ведомствонун маалымат кызматы.
Коргоо министрлиги кырдаал жогорудагыдай жагдайга өткөн соң, Азербайжан куралдуу күчтөрү 120 ирет жооп кайтаргандыгын билдирди.
Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахтын айынан 1988-жылдын февралынан бери чатакташып келет. Анда армян эли басымдуулук кылган Карабах автономиялуу облусу Азербайжандын курамынан чыкканын билдирген. 1991-жылдын сентябрь айында борбор калаа болгон Степанакертте Тоолуу Карабах Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Азербайжан андагы аскерий чыр-чатактан кийин Карабахка көзөмөл кыла албай калган.