БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жаңы автобустар шаар күнүнө карата 29-апрелде ишке кире тургандыгы тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Үрүмчү администрациясы эки тараптуу кызматташуу программасынын алкагында 10 автобус белек кылган. Жума күнү муниципалитеттин балансына автобустарды өткөрүп берүү иш-чарасы болуп, анда мэр Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, Үрүмчүнүн вице-мэри Сюэ Пинь жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйдун катышуусунда өттү.
![Жаңы автобустар шаар күнүнө карата 29-апрелде ишке кирет. Жаңы автобустар шаар күнүнө карата 29-апрелде ишке кирет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102460/62/1024606225_0:3:3001:2003_600x0_80_0_0_dddf390aaf3aa9bedc11e0652ded7d92.jpg)
Мэр Ибраимовдун айтымында, айдоочулар жаңы автобустарды башкаруу үчүн атайын окутуудан өтүшкөн.
"Өткөн жылдын октябрь айында эки тараптуу кызматташууну бекемдөө боюнча меморандум кабыл алынган. Бүгүн анын жыйынтыктарын көрүп жатабыз", — деп билдирет мэр.
KingLong үлгүсүндөгү автобустар 35 жүргүнчүгө ылайыкталып, газ менен иштейт.
29-апрелде бардык 10 автобус тең №42 маршрут менен жүрөт (12-кичирайондон Ала-Тоо конушуна чейин).