БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Американын Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү кишилердин рейтингин аныктады.
Сурамжылоого Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы, бир күн мамлекет башчысы болгон Ишенбай Кадырбеков катышты. Ошондой эле, экс премьер-министр жана мурдагы вице-президент Феликс Кулов, Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясы башкармалыгынын төрагасы Орозбек Дүйшеев, спортчу Евгений Ваккер, Эркен Акрамов жана event-компаниясынын директору Дарика Асылбашева өз ойлорун билдиришти.
Белгилей кетсек, сурамжылоого катышкандардын көбү айрым категориялар боюнча өзүнүн топ-бештигин атай алышкан жок. Алар санына эмес сапатына көңүл буруу керектигин айтышты.
![Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102341/91/1023419187_0:0:2200:1418_600x0_80_0_0_716e4393e3ee9cc658573ac172c66792.jpg)
Мыкты саясатчылар
Сурамжылоого катышкандардын бардыгы эң таасирдүү саясатчы деп өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди аташты.
![Депутат Омурбек Текебаев Депутат Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102120/69/1021206915_0:0:5363:3580_600x0_80_0_0_dad2cb02ded03f35f9e8351980ceac94.jpg)
Ошондой эле "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да мыкты саясатчылардын көч башында. Аны Конституциянын "атасы" катары сыпатташып, учурдагы саясый системанын архитектору катары белгилешти.
Сапар Исаков — КР президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы. Ал көпчүлүккө белгилүү болбогону менен сурамжылоого катышкандар анын таасири бар экенин айтышат.
![Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101977/63/1019776359_0:0:4500:2998_600x0_80_0_0_3241fc890389a60b74741f71f4a79bcc.jpg)
Өмүрбек Бабанов — "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери, экс-премьер-министр. Айрымдары аны оппозициянын башчысы жана белгилүү саясатчы катары баалашты.
Сооронбай Жээнбеков — азыркы премьер-министр. Сурамжылоого катышкандар премьер-министрлик орун кандай болсо да таасирдүү кызмат экенин белгилешти.
![Депутат Чыныбай Турсунбеков Депутат Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102433/21/1024332143_0:0:1000:655_600x0_80_0_0_b0f13ba2e3c547a684dbc58604443379.jpg)
Таасирдүү саясатчылардын тизмесине респондеттер Исхак Разаковду, төрагалык кызматка талапкер болуп жаткан Чыныбай Турсунбековду жана президенттин жакын адамы катары билинген Икрамжан Ильмияновду кошушту.
Мыкты ишкерлер
Аскар Салымбеков —"Дордой" ассоциациясынын президенти. Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарын толуктайт.
![Президент ассоциации Дордой Аскар Салымбеков Президент ассоциации Дордой Аскар Салымбеков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102224/54/1022245462_0:0:2000:1361_600x0_80_0_0_ba946454ad2978d7952fb4a691c92185.jpg)
Шаршенбек Абдыкеримов — "Аю" компаниясынын ээси. Учурда Улуттук олимпиадалык комитетти жетектейт.
Совет Сакебаев — "Абдыш-Ата" компаниясынын президенти.
Бабур Төлбаев — "Мөл-Булак" финансы уюмунун башкы директору. Ал бул уюмдун ээси эмес, бирок, сурамжылоого катышкандар аны мыкты башкаруучу катары сыпатташат.
![Владелец компании Авангард Стиль Калыкбек Султанов Владелец компании Авангард Стиль Калыкбек Султанов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102464/21/1024642158_0:0:1600:1095_600x0_80_0_0_3f007186cfdd690823bf092f7ef3fb8a.jpg)
Калыкбек Султанов — экс-транспорт жана коммуникациялар министри, "Авангард Стиль" компаниясынын ээси.
Сурамжылоого катышкандар эң мыкты ишкерлердин катарына "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен "Республика – Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановду кошушту.
Мыкты спортчулар
Айсулуу Тыныбекова — Азиянын чемпиону. 2012-жылы Лондондо өткөн Жайкы Олимпиадага Кыргызстандын атынан катышкан.
Канатбек Бегалиев — 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадалык оюндарда грек-рим күрөшү боюнча күмүш байге алган.
Атай Өмүрзаков — бийчи, "Чехия жана Словакия таланттары" телешоусунун жеңүүчүсү.
![Кыргызстанская эстрадная певица Жийдеш Идирисова Кыргызстанская эстрадная певица Жийдеш Идирисова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102377/78/1023777866_0:0:5000:3338_600x0_80_0_0_3e46586e76127059ca6a3cb4f225ddd4.jpg)
Жийдеш Идирисова — Turkvizyon конкурсунун жеңүүчүсү.
Евгений Ваккер — азиянын төрт жолку чемпиону, веложарыш боюнча Азия оюндарынын алты жолку призеру.
Коомдук ишмерлер
Токтайым Үмөталиева — укук коргоочу. Сурамжылоого катышкандар анын активдүүлүгүн баса белгилешти.
Ассоль Молдокматова — теле алып баруучу.
Нурбек Токтакунов — "Прецедент" өнөктөштүк тобу" коомдук бирикмесинин директору.
Бүбүсара Рыскулова — "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси. Зордук-зомбулукка кабылган аялдардын укугун коргоо боюнча белгилүү.
![Глава общественного фонда Помогать легко Динара Аляева. Глава общественного фонда Помогать легко Динара Аляева. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101982/41/1019824129_0:0:1022:1022_600x0_80_0_0_db82afb45ba54bb66bb994be4ade5824.jpg)
Динара Аляева — "Помогать легко" коомдук фондунун башчысы. Кайрымдуулук иштерди уюштуруп келет. Рак менен ооруган балдарга жардам берүү фондун түптөгөн.