БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Бөкөнбаев менен Манас проспектисинин кесилишинде бак кулаганын "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын башчысы Токтобек Элгондиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Окуя түштөн кийин саат 16.30дар чамасында болгон. Ал кулаган бак тамыры менен кошо омкорулганын айтты.
"Жабыр тарткандар жок. Кулаган бак жаш эле болчу. Ал тротуарга түшмөк, бактыга жараша дарак курулуш жүрүп жаткан аймакты тоскон тосмого кулаган", — деди ал.
Өткөн жумада Гоголь менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде токтоп турган машинага бак кулаган. Ал ортодо шаар мэриясы авариялык абалдагы төрт миң бак бар экенин билдирди.
27-мартта кечинде Бишкек шаарындагы №2 мектептин жанында бак кулап, көчөдөн өтүп бараткан бир машинаны басып калып, анын айдоочусу каза болгон. Ошондой эле жолдун жээгинде токтоп турган экинчи машинанын басып калган. Бактыга жараша анын ичинде эч ким болгон эмес.