БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандын делегациясы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн ат чабышка катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 5-майында "Ниса" мамлекеттик коругунда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун демилгеси менен уюштурулган ат чабыш башталды. Эми 500 күндөн кийин, башкача айтканда кийинки жылдын 17-сентябрында Түркмөнстанда Бешинчи Азия оюндары өтөт.
Өлкө башчысы Бердымухамедов аталган иш-чара түркмөн элинин тарыхый-маданий бай мурасы тууралуу кабар берерин белгилеп, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын алкагында президенттин катышуусу менен ар өлкөдөн келген делегациялар Ден соолук жолунан басып өтүштү.
Ага чейин кыргызстандык делегация Азия оюндары өтүүчү Олимпиада шаарчасынын курулушу менен таанышып чыккан.